Каратаев: Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз

  • 4 года мурун

Кыргызстанда пневмония болгондорду дарылаш үчүн негизги медициналык жабдыктар жетишпей жатат.

1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп жаткандыктан чет өлкөлөрдөн жардам суралды.

«Бүгүн Орусиядан күтүп жатабыз. 3-июлда Кытайдан келет. Түркия менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Пневмонияга керектүү жабдуулар менен камсыз кылыш үчүн саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт иштеп жатат, — деди министрдин орун басары.

Каратаевдин айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттан мурда өлкөдө 473ү бар болчу, коронавирус башталганы кошумча дагы 20 даана алынган. Ал эми кычкылтек концентратору 610 болчу, кийин 109у кошумча алынган.

Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти.

Анализинен коронавирус табылбай, бирок пневмония болуп, оор абалга туш болгон бейтаптар күндөн-күнгө көбөйүп жатат.

Дем жетпей кыйналгандарга жасалма дем алдыруучу аппарат коюлат. Бул аппараттар кычкылтек концентратору менен иштейт.

Сүрөттө: ИВЛ аппараты. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты