Үй-бүлөсү аларга айтпай, Атамбаевди жашыруун алып чыгып кетишкенин билдирди

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү Атамбаевге УКМК абак жайында атайын вирус жуктурушту деп билдирүү таратты.

«Биз, Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү УКМК абагында ага атайын инфекция жуктурду деп эсептейбиз. УКМК тергөө абагы вирустун очогу болуп калды. Тергөө абагында отурган дагы кеминде 10 киши COVID-19га чалдыккан.

УКМК абак жайында отургандар УКМК абагынын кызматкерлерин, анын ичинде тергө изоляторунун жетекчилигин коронавируска шектенип жатканын туугандар аркылуу билдиришкен.

Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүн жана туугандарын сейрек жолуктурушчу, анда дагы айнек аркылуу жана беткап тагынтып, ошентсе да ага вирус жугуп калды .

Атамбаевге вирус УКМК абак жайынын кызматкерлеринин өз кызматын туура эмес аткаруусунун натыйжасында жугуп калды. Алар менен абактагылар күн сайын байланышып турушат” деп айтылат билдирүүдө.

“Биз Алмазбек Атамбаевдин кайсы жакта жатканын билбейбиз. Укук коргоо органдарына бизге бул тууралуу айтышкан жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнө айтпай, аны жашыруун алып чыгып кетишти.

Бейшемби күнү ага УКМК абак жайынын кызматкери «Материа медикал холдинг»компаниясныын «Эргоферон» деген дарысын берген, бул илимий жактан негизделбеген гомеопатиялык дары. 2018-жылы Россия аталган компанияга “эң зыяндуу жалган илимий долбоор” катары “антисыйлык» берген.

7-8- августта Кой-Таш окуяларында ага кол сала албай калып, ал аракетти эми ишке ашырып жатышат” деп айтылат Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн билдирүүсүндө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өпкөсүнүн эки жагынан пневмония болуп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда кечээ, 29-июнда, Атамбаев ден соолугу начарлап жатканын айткан, коронавирусту текшерүү үчүн алынган ПЧР-тесттен коронавирус аныкталган эмес, бирок пневмонияга кабылганы белгилүү болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты