«Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбооруна каршы жөө жүрүш

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы сөз эркиндиги үчүн тынчтык акция өтүп жатат.

Иш — чараны «ПолитКлиника» медиасынын «Фейсбук» баракчасынан түз эфирде көрө аласыздар.

Акциянын катышуучулары бул мыйзам сөз эркиндигин муунтат деген пикирде марш уюштуруп жатышат. Акциянын модератору Эркинбек Нурбаев белгилегендей, иш-чарага катышкандар Дзержин бульварынын башынан борбордук аянтка, Ак үйгө чейин жөө жүрүш жасашат.

Акцияда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди. Цензор ар бир адамдын өзүндө болушу керек. Ал эми өкмөт сынга туура мамиле жасап, ишинде ийгиликтерди көрсөтүшү зарылдыгы тууралуу айтты.

Кыргызстанда интернет эркин болгон мамлекетке айланышы керектигин да кошумчалады.

Акциянын катышуучулары «Элге каршы- мыйзам жок!», «Биз кул эмеспиз!» деп кыйкырып жатышты.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты