​ИИМ подполковниги Олег Запольский дүйнөдөн мезгилсиз өттү

  • 4 года мурун

27-июнда 39 жаш курагында ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Олег Викторович Запольский дүйнөдөн кайтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган.

1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2004-жылы баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндүгүнөн баштап кенже лейтенант наамында, жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөй баштаган.

2015- жылы Россия ИИМ Башкаруу академиясынын ички иштер органдарынын ишин уюштуруу факультетине тапшырып, 2017-жылы аяктап, экинчи жогорку билимге ээ болгон.

2017-жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айынан баштап, Кыргыз Республикасынын аталган кызматтын башчысы болуп дайындалган.

ИИМдин жетекчилиги, коллегиянын мүчөлөрү, крдагерлер кеңеши, генералдар клубу жана ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы милициянын подполковниги Олег Запольскийдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты