​Алайда кар жаады

  • 4 года мурун

27-июндан 28-июнга караган түнү Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Сары-Могол, Үч-Төбө жана Талды- Суу айыл аймактарында жамгыр карга айланып 10-20 см калыңдыкта кар жаады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде түзүлгөн ыкчам топ Сары-Таш айыл аймагындагы жайлоодогу жарандардан ал абалын сурап барып келгени кабарланды.
«Алай районунун Талдык ашуусунун күнгөй тарабындагы Муртаз жана Катмарт аттуу жайлоолордо күн саат 16:00 дө ачылгандыгына байланыштуу кар толук эриген эмес. Аталган жайлоодо Кара-Суу районунун тургундары жана Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын тургундары жайгашкан. 28-июнда түштөн кийин күн тийип, кар эрий баштап, мал жайытка чыккан.

Сары-Таш, Сары-Могол, Үч-Төбө жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчылары белгилегендей, аймакта абал тынч, жарандар тарабынан кайрылуулар катталган жок,— деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы А.Тагайбеков.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты