​Бишкекке Россиядан кыргызстандык 393 студент кайтты

  • 4 года мурун

28-июнда Кыргызстанга 393 КР жараны, Россиянын ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер кайтып келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Бул каттам менен ошондой эле алдыдагы параолимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн РФ аймагында окуу-машыгууларын өткөрүп жаткан Кыргыз Республикасынын пара пауэрлифтинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү, оор илдеттери бар жана Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтышы керек болгон жарандар, алардын катарында жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу келе турчу жарандар учуп келишти.
Келгендер обсервацияга жайгаштырылат.

Студенттерди кайтаруу маселеси боюнча кайрылуулар көп болуп жаткандыктан, ТИМ атайын студенттерди алып чыгып кетүүгө багытталган мындай каттамдарды уюштуруу ырааттуу улаанарын маалымдайт.

Сүрөт: ТИМ КР.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты