​Композитор Кубанычбек Осмонов 70 жашында көз жумду

  • 4 года мурун

28-июнда 70 жаш курагында, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү композитор жана музыка таанучу, Кыргызстан музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору Кубанычбек Осмонов катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кубанычбек Осмонов 1950-жылы 14-мартта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

Анын “Тоолук кыз”, “Энекебай”, “Мурункуңдай болбойсуңбу кайрадан”, “Аталар” ж.б. керемет обондору элдик болуп ырдалып калган. Мындан сырткары хор жана симфониялык оркестр үчүн жазылган чыгармалары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып, эртели-кеч эфирден уктурулуп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты