​Экс-депутат Каныбек Осмоналиев үй камагына чыгарылды

  • 4 года мурун

Кечээ, 26-июнда, мурдагы депутат, мурдагы билим берүү министри, илимдин доктору Каныбек Осмоналиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов “Фейсбук” баракчасына жазды.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып жаткан айрым мурдагы жетекчилер, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевдин ал-абалы начар экенин билдирген. Осмоналиев ден соолугу начар болуп жатканын айтып, далил катары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын медициналык аныктамасын көрсөткөн.

2-мартта камактагы Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте, Ала Тоо аянтында митингге чыгышты. Алар Садыр Жапаровго боштондук берилишин, өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден кийин 166 киши кармалган. 162 киши бошотулду, төртөө камакка алынган, алардын бири-Каныбек Осмоналиев болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты