Бишкекте коомдук унаа бүгүн саат 22:30дан дүйшөмбүгө чейин токтотулат

  • 4 года мурун

Бишкекте коомдук унаа бүгүн, 26-июнда, саат 22:30 дан дүйшөмбүгө чейин токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу борбор шаарда коомдук транспорт, анын ичинде автобус, троллейбус жана маршруттук таксини ишемби жана жекшемби күндөрү токтотуу чечими кабыл алынган.

Коомдук транспорт дүйшөмбү, 29-июнда, саат 06:00 дө ишин баштайт.

26-июнга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 250 жаңы учуру катталды. Анын ичинен Бишкек шаарында көп — 105 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты