​БУУ Кыргызстанга коронавирусту 99% так аныктоого шарт түзүп берди

  • 4 года мурун

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы лаборатория иштей баштады.

Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, улуттук фтизиатрия борборундагы Республикалык референс-лабораторияда эки аппарат коюлган. Алар GeneXpert ыкмасы боюнча иштейт:

«Ал жерде бир сааттын ичинде сегиз адамдан анализ алынып, жыйынтыгы 99% так чыгат. Буга чейин бул ыкма коронавирус үчүн колдонулбаган себеби, ал жердеги аппараттар кургак учукту жана ага рифампициндин күчү жетпей калган түрлөрүн аныктоодо колдонулчу. Биз ыраазычылык билдиребиз, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен картридждер алынып келди. 6550 картридж менен ошончо адамды камтыса болот. Бир саат ичинде анализинин жыйынтыгы чыгат».

Каратаев билдиргендей, азыр СПИД, кургак учук жана малярияга каршы глобалдык фонд менен дагы 50 миң картридж сатып алуу тууралуу сүйлөшүү журүп жатат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 26-июнда кайрадан эң көп учур — 250 жаңы бейтап катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 105 адам. Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө коронавирус 4204 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2162 бейтап айыгып кетти.

Көз каранды эмес байкоочулардын пикиринде, азыр колдонулуп жаткан тесттин жыйынтыгы 30-40% жалган болушу ыктымал, себеби белгилери боюнча коронавирус болгон бейтаптардын анализи таза чыккан учурлар бар.

Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус ошол жакка барганда табылып, мамлекет башчысы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата парадга катышпай, кайтып келген. Президенттин басма сөз кызматы делегациянын ар бир мүчөсү Москвага барар алдында текшерилгенин, баарынын анализи таза чыкканын айткан.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты