​Бишкекте коронавирус жугузгандарга ооруканада 335 орун бар

  • 4 года мурун

Бүгүнкү күндө Бишкекте коронавирус тастыкталган жарандар үчүн 335 койка-орун бар.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

-Дагы бир өзгөчөлүк JenExpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт. Бул лаборатория улуттук фтизиатрия борборуна орнотулуп, бир сааттык мөөнөттө 8 анализди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана 99%га чейин так берет.

Азыркы учурда 6500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев.

26-июнга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 250 жаңы учуру катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты