​Өлкөдө өзгөчө абал киргизилбейт

  • 4 года мурун

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилбейт.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

-Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында өткөн чогулушта өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деп, бирок бир катар катуу талап, тапшырма берилди.

Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында да коронавирус көп катталып жаткандыктан,аларга аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү. Эл көп каттаган жерлерде, базарларда жергиликтүү администрацияларга, айрыкча Бишкектин жана Оштун мэрияларына базарларда, соода түйүндөрүндө жана башка эл көп барчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү, санитардык талаптарды катуу сактоо боюнча тапшырма берилди, — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев.

26-июнга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 250 жаңы учуру катталды.

Вируска чалдыккандардын жалпы саны республикада 4204кө жетти.

Бир суткада ооруканадан 50 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан бул вирусту жугузгандардын арасынан айыккандардын саны 2162 киши болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты