​Дагы 21 медициналык кызматкерден вирус аныкталды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Чүй облусунда-9, Бишкек шаарында – 7, Ош шаарында – 3, Ош жана Талас облустарында-1ден.

Ал эми стационардан бир сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган 669 медкызматкер катталды. Анын ичинен 403 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

26-июнга карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 250 жаңы учуру катталды.

Вируска чалдыккандардын жалпы саны республикада 4204кө жетти.

Бир суткада ооруканадан 50 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан бул вирусту жугузгандардын арасынан айыккандардын саны 2162 киши болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты