Ташкентте полиция элге беткап тарата баштады

  • 4 года мурун

Өзбекстан борборунда ички иштер органдарынын кызматкерлери 25-июндан тартып ар бейшембиде элге бекер беткап тарата баштады.

Бул тууралуу Ташкенттин ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ар бейшемби профилактика күнү катары жарыяланды. Бул күнү беткап тагынбагандар айыпка жыгылбайт, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бекер беткап таратат.

25-июнда элге 30 000 медициналык беткап таратылганы айтылууда.

ИИБ элди карантин эрежелерин сактоого, вирусту жапатырмак жеңүүгө үндөдү.

Соңку маалыматтар боюнча Өзбекстанда 6901 киши коронавирус жуктуруп алды, 20 адам кайтыш болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты