​Дагы эки депутат коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Депутаттар Тазабек Икрамов менен Экмат Байпакбаев коронавирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болду.

Бул тууралуу ЖМКга жеке булактар маалымдаган.

Аталган депутаттар дарттын жеңил формасы менен ооруп, үй карантинине алынган.

Токмокто коронавирус жуктуруп ооруканада жаткан Ибрагим Нуракун уулу дагы эки депутат коронавирус жуктуруп алганын билдирген.

Буга чейин депутаттар Бакыт Төрөбаев, Бейшеналы Нурдинов, төрт аппарат кызматкери, анын ичинде басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу да коронавируска кабылган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты