​Каратаев: Биздин ПЧР тест анализи сапатсыз эмес

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында республикада жргүзүлүп жаткан ПЧР тест анализи сапатсыз эмес экенин билдирди.

Москвага барган биздин жарандардан коронавирус тастыкталды. Ал эми Кыргызстанда алынган анализдердин жыйынтыгы терс болгон. Биздин тесттердин сапаты кандай?

Бул суроого маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берди.

-Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт.

Мында анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды.

Калган адистер 3 кун изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат, -деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Москвага, Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого барган кыргызстандык делегация, коронавируска тест тапшырышты. Кыргызстандык делегация мүчөлөрүнүн экөөнөн коронавирус аныкталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты