Жээнбеков Москвада иш-чарага катышпай калды. Делегациянын экөөнөн коронавирус аныкталды

  • 4 года мурун

Москвага, Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого барган кыргызстандык делегация, коронавируска тест тапшырышты. Кыргызстандык делегация мүчөлөрүнүн экөөнөн коронавирус аныкталды.

Ошондон улам Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада өтүп жаткан Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышпай калды.

Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 24-июнда, Москва шаарында улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чара башталды. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты