Медиа жана жарандык коомчулук «Маалыматты манипуляциялоо» тууралуу» мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды

Медиа коомчулугу жана жарандык уюмдар фракцияларды жана ар бир депутатты Гүлшат Асылбаеванын “Маалыматты бурмалоо жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагууга чакырат.

Жарандык уюмдар “Маалыматты бурмалоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечилери тарабынан эксперттердин, адистердин, активдүү жарандардын пикирлерин тоотпогонуна нааразы. Бул түрдөгү демилге сөз эркиндигине, өз пикирин билдирүү эркиндигине зыян келтирип, бул себептен алар Конституцияга каршы келген мындай мыйзам долбоорун кабыл албоону алап кылышат.

Аталган мыйзам долбоору боюнча эксперттер менен адистер өз көз караштарын билдирип, анын Конституцияга каршы келе турганы, жарандык жана саясий эркиндикке басым жасай турганы туурасында жетиштүү жүйөлөрдү келтиришти.

Буга карабастан, демилгечилер Жогорку Кеңеш Регламентинде жазылган процедураларды бузуу менен өз мыйзам долбоорун өжөрлөнүп түртмөлөөдө.

55-беренеге ылайык, ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 күндөн кем болбошу керек. Буга карабастан, социалдык саясат боюнча комитети аталган мыйзам долбоору боюнча жыйындагы биринчи окуудан төрт күн өтүп эле бир дем менен экинчи жана үчүнчү окуусун өткөрдү.

Депутаттар менен спикерге мыйзамды жана өз процедураларын бузуу эмнеге алып келе тургандыгын түшүндүрүү керекпи?

Мыйзам чыгаруучулардын мыйзам жаратуу процессине болгон мындай мамилеси жарандардын парламентте кабыл алынган каалаган чечимди кабыл алуусуна терс таасирин тийгизмекчи.

Мындай режимде кабыл алынган мыйзамдын, аткарылышы күмөн болот.

Тилекке каршы, депутаттардын мындай шалаакы мамилеси коомдо “мыйзамдарыбыз аткарылбайт” деген маанайдын өсүүсүнө алып келүүдө.

Экономикалык негизи жок мыйзам бюджеттин болуп көрбөгөндөй тартыштыгында жана каражаттар жок болгондуктан иштебейт. Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” конституциялык мМыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүндө мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлоруна карата мындай мыйзам өкмөт тарабынан каржы булагын аныктабаган учурда кабыл алынышы мүмкүн эмес.

Узак мөөнөттөгү планда алдын ала аткарылбай турган, укуктук нигилизмге алып келүүчү бул “эмгекке” парламент убакытын, ресурстарын коротту. Бул көрүнүш бүтүн коом бүгүнкү чакырыктарга так жана өз убактысында жооп кайтарган мыйзамдарга муктаж болуп турган убакта орун алып жатат.

Жарандык коом жана медиа адистеринин чакырыктарын атайы тоотпоо, “Маалыматты бурмалоо жөнүндө” мыйзам долбоорун парламент процедураларын айланып өтүү менен кабыл алуусундагы максаттуу шашылыш, парламентаризм прициптеринин кадырын кетирет деп эсептейбиз. Так ушу түрдөгү демилгелер демократиянын парламенттик формасына зыян келтирет. Ал эми коом болсо, мындай мамилени көрүп депутаттардын санын кыскартууну талап кыла баштамакчы.

Бүтүн өлкө үчүн мындай оор кырдаалда Жогорку Кеңештин VI чакырылышы шайлоочуларынан жашынып, өз Регламентин, Кыргызстан жарандарынын конституциялык укуктарын системалуу түрдө бузуп, бардык пикирлерди тоотпой өз мөөнөтүн аяктоодо.

Парламент көз караштардын көп түрдүүлүгүнүн негизинде иштеген демократиялык институт катары коомдогу плюрализмге көр казбашы керек!

Биз ар бир депутат жана фракция лидерине кайрылып, алардын парламент ичиндеги мыйзамдуулукту калыбына келтирип, ЖК Регламенти боюнча так иш алып баруусун талап кылабыз.

Биз депуттарды “Маалыматты бурмалоо жөнүндө” мыйзам долбоорун КР Конституциясын, ЖК Регламентинин процедураларын бузуу менен кабыл алынып жаткан, сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү эркиндигине коркунуч туудурган мыйзам долбоору катары аны четке кагууга чакырабыз!

«Гражданские инициативы» КФ — Динара Ошурахунова

«Смарт Жаран» юридикалык жактар бирикмеси — Эркина Убышев

Медиа Полиси Институту — Бегаим Усенова

Интернет саясаты жарандык демилгеси — Татту Мамбеталиева

КРдагы балдар укугун коргоо жана кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча БӨУ бирикмеси — Наталья Шип

«Полис Азия» аналитикалык борбору — Эльмира Ногойбаева

КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгү

«Улан Эгизбаев атындагы Иликтөөчү журналистика фонду» КФ

«Интербилим» КБ Ош филиалы — Гүлгакы Мамасалиева

«Инсан Диамонд» КФ — Жамиля Капарова

“Youth of Osh” КФ — Акмарал Сатимбаева

“Центр медиа развития” КФ

Динара Суймалиева, журналист

«Перемена» инновациялык билим берүү борбору- Алмаз Тажыбай

Factchek.kg — Болот Темиров

Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз бирикмеси — Азамат Касыбеков

«МедиаКонсалт» КФ

Кактус Медиа — Дина Маслова

«Юристы за права человека» КФ — Асель Койлубаева

«Наш век» КФ — Чынара Айтбаева

“Равенство” мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар биримдиги” КБ — Гүлмира Казакунова

«Центр консалтинга и интерактивного обучения» КФ -Нургуль Таштанова

«Голос свободы» КФ — Сардар Багышбеков

«Лига защитников прав ребенка» КФ — Назгуль Турдубекова

ПолитКлиника медиа -Дильбар Алимова

Адиль Турдукулов -журналист

Байланыш операторлор бирикмеси- Айбек Куренкеев

Гульнура Торалиева — медиа эксперт

«Плюс Центр» КФ — Равшан Мажитов

Жарандар демилгелерин илгерилетүү боюнча альянс — Бакыт Сатыбеков

«Аялзат» КБ — Наргиза Эштаева

«Гражданское участие» КФ — Айдар Мамбетов

«МедиаКонсалт» КФ — Эльмира Токтогулова

Жанна Шегай – башкаруу жана балдар контенти боюнча эксперт

«Смайл.kg» КФ — Лариса Кузнецова

«Медиашкола им.Т.Турсуналиева» КБ — Данияр Садиев

Тынымгүл Эшиева — медиа эксперт

Джумабаев Авланбек – медиа эксперт

«Юристы Ферганской долины без границ» КФ- Азизбек Ашуров

Элима Джапарова – журналист

«Позитивный диалог» КФ — Мухае Абдураупова

«Гражданская платформа» КФ — Айнура Усупбекова

«Центр Содействия Международной Защите» КФ — Акылбек Ташбулатов

Аделя Лаишева

«Адилет» укуктук клиникасы- Чолпон Джакупова

“Центр защиты уязвимых групп населения” КФ –Зейнеп Эшмуратова

“Балдарды коргоо борбору” КБ -Мира Итикеева

ЦПГО Джалал-Абад КФ — Жусупова Чынара

Булан институту- Чолпон Орозобекова.

Кол топтоо улантылууда

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты