​Саламаттык сактоо министрлиги: «Кырдаал курч, мобилдик топтор жетишсиз»

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги мобилдик топтордо кырдаал чыңалгандыгын белгиледи. Республика боюнча алардын саны 649, борборшаарга 106сы талап кылынат, бирок алардын саны 38.

Ал эми эки тез жардам акыркы жумада жол кырсыгынан улам бузулган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадаин Каратаев билдирди.

-Абал курч, акыркы жумада ооруп калгандардын саны тез өсүп кетти. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кошумча иш-чаралар аткарылып жатат.

Бишкек, Чүй облусунда оорунун саны тез өсүүдө, ар бирибиз бири-бирибизге түшүндүрүп айтышыбыз керек, максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз беткап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш” деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Каратаев.

24-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 вирусунун 207 учуру катталды. Каза тапкандардын саны 42 кишини түздү.

Айыккандардын жалпы саны 2082 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты