​Раиса Атамбаева: «Колдоп, ишенип, боор тартканыңыздар үчүн ыраазылыгымды билдирем»

  • 4 года мурун

Экс-биринчи айым Раиса Атамбаева элге кайрылды.

— Урматтуу кыргызстандыктар! Чын жүрөгүмдөн сиздердин бардыгыңыздарга ар дайым колдоп келгениңиздер үчүн, ишенгениңиздер үчүн жана боор тартканыңыздар үчүн ыраазылыгымды билдирем.

Көп жылдардан бери биринчи жолу туулган күнүмдү Алмазбек Шаршеновичсиз өткөрүп жатам.

Таң эртең мененден бери жүздөгөн киши чалды, анын ичинде чет өлкөлөрдөн, мамлекет башчылардын үй-бүлөлөрү чалып жатат.

Алардын алдында Сооронбай Жээнбеков үчүн мага ыңгайсыз болуп жатат. Биз ага 30 жыл жакшылык кылып, бир боор катары мамиле жасадык эле.

Ыраазылык иретинде ал ар жылы туулган күнүмдө биринчи болуп куттуктачу эле. Бүгүн болсо так менин туулган күнүмдө сотторго менин жолдошума өкүм чыгарттырып отурат.

Сооронбай Шарипович, биздин мурдагы досубуз, сизди дагы бир ирет көрүп, ушундай «белекке» рахмат айтайын дедим эле.

Сөз жок, Алишер Навоинин бул ыры менен бөлүшөйүн дедим:

«Я столько видел горя от друзей
И столько бед и мук омыл слезами,
Что в смертный час уж лучше умереть,
Чем уцелеть и снова быть друзьями».

деди Раиса Атамбаева кечээ, 23-июнда, туулган күнүнө карата элге кайрылуусунда.

Раиса Атамбаеванын кайрылуусун Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев «Фейсбук» баракчасына чыгарды.

Кечээ, 23-июнда, Алмазбек Атамбаевди сот Батукаевдин иши боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратып, анын сыйлык-наамдарынын баарынан ажыратууга өкүм чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты