COVID-19: Жаңы 163 учуру аныкталды. Бир бейтап каза тапты

  • 4 года мурун

23-июнга карата өлкөдө бир суткада CODID-19 инфекциясынын жаңы 163 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 94;
Чүй облусу – 22;
Ош шаарында – 16;
Ош облусу – 9;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 13;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 7.

Коронавируска жалпысынан республикада 3519 киши кабылды.

Бир суткада ооруканадан 33 бейтап айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 2054 жетти.

Кыргыз-түрк ооруканасынан бир бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты