​Канат Сагымбаев: «Ар-намысым экс-президентке жалган жалаа жабууга жол бербейт»

  • 4 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча сотто айып өкүмү угузулуп жатат.

«Буга чейин мага ар бир коюлуп жаткан айып боюнча макул эместигимди билдирип келгем. Ага карабай бийлик мени менен соодалашуу аракетин дагы да улантууда.

Тергөө менен кызматташууга барсаң, эркиндикке чыгасың деген сунуштарды эми үй-бүлөм аркылуу айттырып жатышат.
Бирок, менин ар-намысым экс-президентке жалган жалаа жаап, эркиндигимди сатып алууга жол бербейт» деп билдирди УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев.

Канат Сагымбаев өзүнө Оор жана өзгөчө оор 11 берене менен айып коюп жатышканын, «бардыгы ойдон чыгарылган. Менин күнөөм жок экендигин баса белгилеп кетким келет» деп билдирди.

Сагымбаев буга чейин УКМКнын алдындагы мамлекеттик күзөт кызматынын штатында туруп, мурдагы президент Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеп келген.

7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Атамбаевдин жанында болгон.

Сагымбаев буга чейин УКМКнын алдындагы мамлекеттик күзөт кызматынын штатында туруп, мурдагы президент Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеп келген. 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Атамбаевдин жанында болгон.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган.

Улуттук коопсуздук комитети Канат Сагымбаевди 20-октябрда кызматтан алган.

Сүрөт: «Политузник».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты