Жээнбеков Москвада Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөгө катышат

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-мартта Москвада өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын белгилөө салтанатына катышат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анда Аскер парадына катышуу жана башка иш-чаралар каралган.

Түркмөнстандын, Азербайжандын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы Москвада Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барбай тургандыгын Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирген.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов муну жакында боло турган туулган күнү менен түшүндүрдү. Түркмөнстанда 63 жаш Мухаммед пайгамбардын жашы деп саналып, бул күн жакындарынын айланасында белгиленет. Бердымухамедов Москвага барса, келгенден кийин карантин шартын сактоого мажбур болорун белгилеген.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парадга катышпасын 19-июнда билдирди. Ал муну өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам оор абал түзүлгөнү менен байланыштырды. Пашинян Путинге жазган катында: «Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал мага Москвага визит кылууга жол бербейт” деп айтылат.

18-июнда Азербайжандын президенти Илхам Алиев да парадга катышпасын кабарлаган. Анын алдында Орусиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чехиянын президенти Милош Земан парадга катышуудан баш тарткан.

Беларусь, Казакстан, Молдован, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери парадга катышарын тастыкташкан.

Жеңиштин 75 жылдыгына карата парад Москвада 24-июнда өтөт. 11-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров парадга 12 мамлекеттин башчылары келерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты