Болот Шер калкына канат, тутка боло алчу

Коомдук-мамлекеттик ишмер Болот Шердин каза болушуна байланыштуу убактылуу өкмөт мүчөлөрү көңүл айтты.

-21-июнда белгилүү коомдук-мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Шер Болотбек Эсентаевич 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Кыргызстан өз өмүрүн эгемен мамлекеттин көз карандысыздыгы, бүтүндүгү, саясий жана маданий эркиндиги үчүн күрөшкө арнаган мекенчил, намыскөй, айкөл уулунан ажырады.

Болот Шердин өмүрү, саясий жана атуулдук ишмердиги өрнөктүү болду.

Ал бүткүл жашоосун Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, демократиялык баалуулуктарды коргоо, маданий жана руханий көрөңгөсүн сактоо жана жайылтууга арнады.

Болот элине тутка, эркиндиги чектелип, эл тепселчү маалда калкына канат боло алчу.

Намыскөйлүгү, өжөрлүгү, тайманбастыгы жана принципиалдуулугу менен Мекен үчүн күрөштүн эң башкы сабында болду.

Өлкөдөгү авторитардык, үй-бүлөлүк, коррупциялык бийлик системалары орногон маалда ага каршы ачык сын айтып, эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөш жүргүздү.

Бул жолдогу пикирлештери, жолдошторуна дем берип, аскар-тоого айланган эле. Муну Болот ар кыйчалыш учурда өз иши, орундуу сөзү, эр жүрөктүүлүгү менен далилдеди.

Айрыкча, 2005-жылы март окуяларынын алдында Таласта үй-бүлөлүк бийликке каршы чыгып, элдин башында болду.

Ал байлык менен бийликтин таттуу кумарына алданган жок. Өлкө келечеги жана чындыкты ар дайым жогору койду.

Марттагы элдик ыңкылаптын жеңишин бийликтеги бир үй-бүлө өзүнө энчилеп, кылмыштуу-коррупциялык өкүмүн жүргүзө баштаганда Болот Шер адилеттик үчүн тайманбай күрөштү.

2006-жылдагы ноябрь митингдеринде оппозициянын эң көрүнүктүү өкүлү катары ал кездеги кылмыштуу бийликке айбаттуу сүр көрсөттү .

Ал эми 2008-жылы Каркыра боюнча талаштуу чечим кабыл алынганда Болот Шер Кыргызстандын ар бир чарчы метр жери үчүн кандай күрөшүү керек экенин үлгүсүн жазды. Чагымчыл топтун соккусуна туш болду. Кайгырса да, кайратынан жазбады.

Авторитардык кылмыштуу бийликтин мыйзамсыз иштерине ачык күрөштү.

Апрель ыңкылабынын башталышы болгон Таластагы окуяларда эл менен бирге болду.

Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Ички иштер министрлиги кызматын аркалап, ошол учурда эң оор жана эң башкы милдетти аткарды.

Өз саламаттыгын да ушул мезгилде тобокелге салып, ак ниеттик менен Кыргызстандын укуктук талаага кайтышына салым кошту.

Ал күндөрү толугу менен деморализация болгон милиция кызматкерлерине дем берип, реваншисттик күчтөрдүн мизин кайтарды.

2010-жылдагы татаал мезгилде сабырдуулугу, каармандыгы менен абалды тезинен жөнгө салууга эбегейсиз кызмат өтөдү.

Болот Шер үчүн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү, эгемендиги, эркиндиги, маданий казынасы жашоосунун эң башкы маңызы эле.

Болот Шер эгемен Кыргызстандын маданий кайра жаралуусунун башында туруп, улуттук спорт, маданият жана адабияттын башкы күйөрманы жана демөөрчүсү катары салым кошту. Ал “Көк-Бөрү” оюнун жайылтуу жана эл аралык деңгээлде таанылышы үчүн ченемсиз эмгек жумшады.

Тубаса жөнөкөйлүгү, эр жүрөктүгү, тереңдиги менен Болот өзүнүн саясий жана руханий мектебин түптөп кетти.

Ал саясатта принципиалдуулук жана саясий жолдоштук, тилектештик кыска кызыкчылыктардан бийик турарын өз кадамы менен далилдеди.

Кош, Болот! Сенин элиң деп кылган иштериң, биз үчүн дем болгон күркүрөгөн добушуң, баатырдыгың, айкөлдүгүң биздин эсибизден эч чыкпайт.

Болот Шердин өтөлгөлүү өмүр жолуң, эмгегиң өлкөбүздүн тарыхында татыктуу орунду ээлейт.

Үй-бүлөң, жакындарың жана жалпы Кыргызстандын элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Роза Отунбаева, Өиүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Абдыганы Эркебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Иса Өмүркулов, Элмира Ибраимова,Топчубек Тургуналиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты