​Миграция боюнча эл аралык уюм жүздөгөн тажикстандыкты мекенине жеткирди

  • 4 года мурун

Карантин чектөөлөрүнө байланыштуу Казакстан чек арасынан өтө албай жаткан жүздөгөн тажикстандык жарандар эл аралык уюмдун көмөгү менен үйлөрүнө кайтты.

Миграция боюнча эл аралык уюм 19-июнда Тажикстандын 635 жараны 14 автобус менен казак-өзбек чек арасындагы «Жибек Жолы» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу мекенине кайтканын кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын арасында эмгек мигранттары, студенттер, аялдар жана балдар бар.

Аларды үйлөрүнө жеткирүүдө АКШ, Норвегия жана ЮНИСЕФ уюму каржылык көмөк көрсөткөн.

Жүздөгөн тажик жарандары соңку бир нече аптадан бери казак-өзбек чек арасынан өтө албай, ара жолдо калган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты