​Расмий жооп: Ысык-Көлгө кирүүгө жана чыгууга тыюу салынат деген маалымат жалган

WhatsApp мессенджер аркылуу “21-июндан баштап Ысык-Көл облусуна кирүүгө жана чыгууга тыюу салынат” деген маалымат тарап жатат. ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

Андагы маалыматка ылайык, мындай чечим 20-июнда ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы бул маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди:

«Мындай чечим кабыл алынган эмес. 20-июнда штабдын жыйыны болгону чын. Бирок, мындай чечимдер республикалык штабдын буйругу менен эле кабыл алынат. Ошондуктан, бул маалымат чындыкка дал келбейт», — деп билдирди Жаныбек Кожоев.

Ошондой эле, облуска кирүү үчүн ПЦР тесттин жыйынтыгы боюнча маалымат талап кылынбаганын, дене табы гана өлчөнүп жатканын кошумчалады.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб облустан облуска баруу үчүн ПЦР тесттин жыйынтыгы керек эмес экендигин бирдирди:

«Учурда ПЦР тест баарына жасалып жатат. Бирок, Бекер эмес. Жакында Бонецкий лабораториясы жасап баштайт. Премьер-министр Кубатбек Боронов эгерде керектүү жабдуулары бар болсо, башка дагы жеке лабораториялары ПЦР тестин жасоого уруксат берүүнү тапшырды. Башкача айтканда, эгерде жаран кааласа керектүү акысын төлөп, өзүн коронавируска текшере алат. Ал эми бир облустан бир облуска баруу үчүн ПЦР тесттин жыйынтыгынын маалыматы керектелбейт. Постоордо дене табы гана текшерилет. Бирок, өлкөдөгү жагдай күндөн күнгө өзгөрүп жатканын эске алуу керек», — деп билдиришти штабдан.

Жыйынтык: Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты