Боронов беткап тагынбаганы үчүн коомчулуктан кечирим сурап, айып төлөрүн билдирди

  • 4 года мурун

«Коопсуздук кеңеши өз сунуштарын берди жана биз төмөнкү чечимге келдик. Өзүмдөн тартып, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айып пул төлөшөт. Аппараттын кызматкерлерине айыппул салынбайт, анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланышпайт. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта бет кап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм» деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

«Баарыңарга белгилүү болгондой, ошол күнү Жогорку Кеңеш мени премьер-министр катары жана өкмөттүн курамын бекиткен. Парламент жыйынына катышкандан кийин өкмөт үйүнө жумушка бардык. Салт болуп калгандай эле, фракция лидерлери жана президенттик аппараттын жетекчиси менен бирге премьер-министрдин иш бөлмөсүнө бардык. Алар кеткенден кийин Мухаммедкалый Дүйшекеевич экөөбүз документтерди карап, жумуш тууралуу бир аз сүйлөштүк. Андан кийин мурдагы премьер-министрди узатуу үчүн сыртка чыгуубузду өтүнүштү.

Коридордо өкмөт аппаратынын бир топ кызматкери туруптур. Алардын баары беткап тагынып турушкан. Бизге сыртка чыгып, сүрөткө түшүүнү сунуш кылышты. Сүрөткө түшүү маалында бизге беткаптарды чечип турууну өтүнүштү. Ошол учурда буга маани бербегениме өкүнүп жатам. Дал ошол учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү. Албетте, биз коомчулуктун катуу сынына кабылдык. Бул туура» деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов премьер-министр жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы катары бардык кыргызстандыктардан кечирим сурады.

Ал тартылган түзүмдөр бул илдет менен күрөшүүнү улантарын эскертип, жарандарга негизги талаптар — бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоону кармануу зарылдыгын эскертти.

«Коопсуздук кеңеши өз сунуштарын берди жана биз төмөнкү чечимге келдик. Өзүмдөн тартып, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айып пул төлөшөт. Аппараттын кызматкерлерине айыппул салынбайт, анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланышпайт. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта бет кап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Кубатбек Боронов.

«Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат» деп мамлекет башчы медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салуунун талап кылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты