Мамлекет башчы өкмөттөгү беткапсыз топтошуп сүрөткө түшкөндөргө айып салууну талап кылды

  • 4 года мурун

«Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деп мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Президент «бул дарттын артынан бийлик акча кылууда, андай дарт жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи. «Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат» деп мамлекет башчы белгиледи.

«Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек» деп баса белгиледи мамлекет башчы, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышкан өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.

Социалдык тармактарда өкмөттөгүлөрдун мурдагы өкмөт башчыны узатуу учурундагы беткапсыз сүрөткө түшкөндөрү социавлдык тармактарга тараган. Өкмөттүн басма сөз кызматы беткапты сүрөткө түшүү учурунда гана чечип коюшканын, кызматта бардык медициналык талап сакталып жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты