Маалыматты манипуляциялоо: Чуу салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат

Парламентте бүгүн, 19-июнда, «Маалыматты манипулциялоо тууралуу» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Кабарчыбыз Кымбат Турдубекова билдирет:

-Мыйзам долбоорундагы 6-берене боюнча маданият, маалымат жана туризм министрлиги эгер маалымат жалган болсо, сотко чейин эле чектөө коюп кое турганы белгиленген.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева жасалма аккаунттар адамдын кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн экенин билдирди. Фейк-аккаунттар блоктолот, анын эмнеси жаман дейт Гүлшат Асылбаева.

Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөнкеев:

-Көйгөйдү мыйзам долбоору чече албайт. Фейк-аккаунт блоктолуп калгандан кийин колдонуучу башка аккаунт ачып алат. Заманбап серверлер бир нече секундда эле жаңы аккаунт ачууга жол берет. Бир эле маалымат башка-башка серверлерден тез таралып кетет. Блокировка маалымат сакталган жерден жүрүшү керек, — деп айтты.

Гүлшат Асылбаева:

-Мурда симкартаны паспортко байланыштырып коюшчу. Жалган маалыматтан адам укугу сакталышы керек. Бул мыйзам долбоорун демилгелеп, мен көп нерсени билдим. Ал маалыматтар менин кайненемди инсультка алып келди.

Фейк аккаунттар аркылуу бизди жамандап жаткандардан өзүбүздү жана мамлекетти коргошубуз керек.Бул мыйзам долбоорун адам укуктарынын бузулушу деп айыптап жибергендери өкүнүчтүү,-деп билдирди.

Медиаэксперт Акмат Алагушев:

-Биз мыйзам долбоорун кайра чакырып алууну суранабыз. Ар бир пикирди колдойм, бирок биздин азыркы мыйзамда бардыгы жазылган.

Провайдер менен колдонуучунун ортосунда ортомчунун кереги эмне деп билдирди.

Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай кесепеттерге алып келээри тууралуу бул шилтемеден тааныша аласыздар.

Сүрөт: Кымбат Турдубекова/ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты