​Дагы 14 медкызматкер коронавирус жуктурду

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Бишкек шаарында – 5, Ош шаарына -4, Чүй облусунда жана Нарын облусунда — 2 ден, Жалал-Абад облусунда-1.

Ал эми стационардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га кабылган медициналык кызматкерлердин саны – 509 га жетти, алардын ичинен 373 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

18-июнга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 вирусунун жаңы 95 учуру аныкталып, жалпы саны 2657ге жетти.

Коронавирустан 32 киши айыгып, ооруканадан чыкты. Айыккандардын жалпы саны 1933кө жетти.

Коронавирустан бир киши каза таап, жалпы саны 31 кишини түздү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты