​“Маалыматты манипуляциялоо” тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

  • 4 года мурун

17-июнда парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна каршы депутаттар Интернетти көзөмөлдөө техникалык жактан мүмкүн эмес экенин жана мамлекеттик орган маалыматтын жалган же чын экенине аныктама бере албастыгын белгилешти.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбоору Интернеттеги жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталганын, сөз эркиндигине таасир этпей турганын айтты.

Factcheck.kg ЖК депутаттарынын россиялык мыйзамды сөзмө-сөз көчүргөнүн аныктаган. Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова сунуштаган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунда плагиат, ал эми анын маалымкат-негиздемесинде бир нече ката жана манипуляция табылган эле.

Интерньюс — Кыргызстан аталган мыйзам долбоору интернет материалдарга көзөмөлдү күчөтөрүн баса белгиледи.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору «Кыргызстандын Конституциясына каршы келет» деген билдирүү тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты