​Индия Кытай менен чек арасын күчөтүлгөн режимде иштейт

  • 4 года мурун

Индия армиясы Кытай менен чек арасында күчөтүлгөн режимде иштей турганын жарыялады. Индия куралдуу күчтөрүндөгү булактар маалымдагандай, аскерлердин жумуштан бошонуусуна тыюу салынды.

Индия бийлиги Бээжинди талаштуу Гималай чек арасындагы кагылышта 20 аскер кызматкеринин өлүмүнө күнөөлөп жатат. Куралдуу жаңжал 15-июнда жүз берген.

Кытай болсо бул окуя үчүн Индия аскерлерин айыптап, Делиге каршылык нота жөнөттү. Кытайдын тышкы иштер министрлиги индиялык аскерлер дүйшөмбүдө “эки ирет чек ара сызыгынан өтүшкөнүн, чагымчылдыкка барып, кытайлык жоокерлерге чабуул коюшканын, натыйжада ортодо кагылышуу болгонун билдирди.

Шаршембиде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефондо сүйлөшүп, чек арадагы чыңалууну тезинен жайгарууга макулдашты.

Дели Бээжинди 38 000 чарчы километр жерин басып алгандыгы үчүн айыптап келатат. Чек ара талашын жөнгө салуу үчүн ондогон жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Бул талаштын айынан 1962-жылы согуш чыгып, Индия жеңилип калган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты