ДССУ COVID-19ду дарылоодо дексаметазонду колдонууну илимий секирик деп атады

  • 4 года мурун

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 жуктурган бейтаптарды дарылоодо дексаметазонду колдонууну сунуштаган британ окумуштууларынын иликтөөлөрүн илимий секирик катары сыпаттады.

Сезгенүүгө каршы дары өлүмдү азайтууга көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу ДССУнун маалымат кызматы билдирди.

«Бул -­­­­кычкылтекке же өпкөнү жасалма дем алдырууга муктаж болгон бейтаптардын арасында өлүм-житимди азайта турган алгачкы дары. Бул — мыкты жаңылык. Мен адам өмүрүн куткарууда илимий секирик жасоого салымын кошкон Улуу Британия өкмөтүн, Оксфорд университетин жана Улуу Британиядагы көптөгөн дарыгерлерди жана бейтаптарды куттуктайм» деп айтылат ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебреисустун билдирүүсүндө.

Иликтөө Оксфорд университетинде жүргүзүлгөн. Дексаметазонду клиникалык жактан сыноого 6 миң киши катышкан. Иликтөөгө караганда, жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан бейтаптарды дексаметазон менен дарылаган учурда өлүм тобокелчилиги 35% азайган.

Иликтөөчүлөр эгер дексаметазон оор бейтаптар үчүн пандемия башталганда эле колдонулса, Улуу Британияда эле беш миң киши аман калмак деген бүтүм чыгарышты.

Дарынын артыкчылыктарынын бири анын арзандыгында. Англияда препараттын бир кутусу 5 фунт стерлинг турат. Дексаметазон 1960-жылдан бери эле көптөгөн ооруларды, анын ичинде рактын айрым түрлөрүн дарылоодо колдонулуп келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты