Өткөн суткада 21 медицина кызматкери коронавируска кабылды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 6; Чүй облусунда – 12; Баткен облусунда – 2; Талас облусунда – 1.
Стационардан бир сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 вирусуна – 495 кызматкер катталды, алардын ичинен 367 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

17-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирустун жаңы 90 учуру катталды.

Вирус жугузгандардын жалпы саны 2562 болду.

17-июнда вирустан 54 киши айыгып, ооруканадан чыкты. Айыккандардын жалпы саны 1901ге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты