​Батукаев иши боюнча айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады

  • 4 года мурун

Биринчи май райондук сотунун «Батукаев иши» боюнча 16-июнда өткөн отурумунда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«Бүгүн жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар мурдагы айыптоо актысын окуп койду. Анан шектелүүчүлөргө жаза сурады. Алмазбек Шаршеновичти 15 жылга эркинен ажыратуу, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгаруу, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү суранды» деди Жоошев.

Жактоочу 18-июнда айыпталып жаткандарга сот өкүмү чыгаары болжолдонуп жатканын билдирди.

16-июндагы отурумда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен отурумга алып келүүнү талап кылган. Адвокат Замир Жоошев Атамбаев бул ишти буйрутма деп эсептегендиктен жана саламаттыгына байланыштуу сотко катышуудан баш тартканын билдирген.

Ушул эле күнү УКМК маалымат таратып, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык экендигин билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. 10-июнда бул кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко жиберилген.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты