​Жергиликтүү телеканалдар коомчулугу Президентке кайрылуу жолдоду

Жергиликтүү телеканалдар коомчулугу Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда жергиликтүү телеканалдар баштан кечирип жаткан кыйынчылыктар, ошол эле кезде чет өлкөлүк эки канал социалдык мультиплексте акысыз көрсөтүлүп жаткандыгы айтылат жана «Телекөрсөтүү жана радио уктуруу» мыйзам долбоорун сунушталган редакцияда кабыл албоого көңүл бурду.

“Санарип телеберүүгө өтүү телеканалдар берүүсүнүн акысын төмөндөтөт деп болжолдонуп келсе, иш жүзүндө андай болгон жок. Тескерисинче, РПО РМТР коммерциялык мультиплексинде уктуруу акысы үчүн 30% жогорулатып жатат (2020-жылы акы дээрлик 2 160 000 сом болот).

Ошол эле кезде чыгармачыл командага, айлык акы төлөп бере албай, кыскартууга туура келди, ошондой эле ата мекендик теле берүүлөрдү уюштурууга каражат жетишпейт жатат.

CODID -19 пандемиясы каражаттын түшүшүн кыскартып (дээрлик 70%), жергиликтүү телекөрсөтүү тармагын терең кризиске батырды. Ошол эле кезде ачык маалыматтардан белгилүү болгондой, мамлекеттик телеканалдарга (14 телеканал жана 5 радиостанция) республикалык бюджеттен 1 млрд сомго чейин бөлүнүп берилет. Ошондой эле өлкөнүн аймагында өкмөттөр аралык келишимдин негизинде чет өлкөлүк “Биринчи канал” жана РТР-Планета россиялык телеканалдары социалдык мультиплексте акысыз көрсөтүлөт” деп айтылат Кайрылууда.

Жогорку Кеңештин 11-июнундагы жыйынында бул боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Телерадио компания бирикмелери жана ассоциациялары Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылып, бул мыйзам долбоорун азыркы редакцияда кабыл албоону өтүнөт. Анын себеби, эгер мыйзам долбоору ушул редакцияда кабыл алынып калса, анда чет өлкөлүк каналдарга жергиликтүү жарнаманы 2023-жылга чейин алууга жол берилет. Бул ата мекендик телеканалдардын абалынын кыйындашына жол ачып, жергиликтүү теле берүү жана радио уктуруу программаларынын кыскарышына, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө тоскоол келтирип, ата мекендик телеканалдардын жабылышына алып келээри белгиленди.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, бул ата мекендик телеканалдарга чоң сокку болуп, жабылуу коркунучуна алып келе турганын айтып, эксперттер коңгуроо кагып турган аналитикалык материал бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты