​Биринчи вице-премьерликке Алмазбек Батырбеков көрсөтүлдү

  • 4 года мурун

Кубатбек Бороновдун ордуна мурдагы парламент депутаты Алмазбек Батырбеков көрсөтүлдү.

Бул тууралуу көпчүлүк коалиция жыйынында Кубатбек Боронов билдирди. «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы жетекчиси Алмазбек Батырбеков депутаттык мандатын жакында тапшырган.

Боронов коалициялык көпчүлүктүн аппарат башчы өз арызы менен кеткендигин белгилеп, анын ордуна Таалайбек Темиралиевди сунуштады. Талапкер буга чейин «Дастан» ишканасынын директору, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болгон.

Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Буга чейин иштеп келген Дастан Догоев чет өлкөдө окууга өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан кеткен.

Бүгүн, 16-июнда, парламенттик көпчүлүк коалиция Кубатбек Бороновду премьер-министрликке көрсөткөн.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты