​Парламенттик көпчүлүк коалиция Кубатбек Бороновду премьер-министрликке көрсөттү

  • 4 года мурун

Парламенттик көпчүлүк коалиция бүгүн, 16-июнда, өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттү.

Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын төрагасы, депутат Иса Өмүркулов коалиция жыйынында билдирди.

Парламент жаңы шайланып келгенде, жаңы өкмөт шайланарын билдирди. Ага чейин Кубатбек Бороновду техникалык өкмөттүн башчысына көрсөтүп жатышканын айтты.

Кубатбек Боронов өкмөттүн мурдагы программасын улантарын билдирди. Өкмөттүн программасынын негизги факторлорунун бири-бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү экенин кошумчалады.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы 16-июнда кабыл алынды.

Абылгазиевдин арызында анын кызматтан кетүү чечими радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштерге байланыштуу экени белгиленген.

Сүрөт: gov. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты