​Картайбек Мукамбетов 86 жашында дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер Картайбек Мукамбетов 86 жаш курагында дүйнө салды.

Картайбек Мукамбетов 1935-жылдын 12-декабрында Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында төрөлгөн. 1954-жылы Ысык-Көл районундагы Темировка орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Фрунзе шаарында жаңы ачылган политехникалык институттун тоо-геологиялык факультетине тапшырган.

Аны 1959-жылы аяктаган соң, ошол эле жылы ал кездеги Ош облусунун Фрунзе районундагы Тоо-кен башкармалыгында эмгек жолун баштаган.

Эмгек жылдарында «Ардак белгиси» жана «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылган.

Мамлекеттик, партиялык кызматтарды аркалап, өнөр жайынын өнүгүшүнө салым кошуп, жетекчинин үлгүсүн көрсөткөн, эл арасында кадыр-баркка жетишкен.

Агабыздын өтөлгөлүү өмүр жолу, жаркын элеси дайыма эсибизде болот, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Расмий некрологдо мына ушулар белгиленген.

Картайбек Мукамбетовдун сөөгү 16-июнда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты