​«Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзам долбоору парламент комитетинде экинчи окууда кабыл алынды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиал (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана мурдагы депутат Аида Исмаилова. Марлен Маматалиев кийинчерээк бул мыйзам долбоорунун демилгечилигинен баш тарткан.

Демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкулов мыйзам долбоорунда гранттык, бюджеттик, андан тышкары кайтарымсыз берилген каражаттын эсебинен иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын каржы булактары жана аларды кайсы багытта жумшагандыгы тууралуу маалымат бериши керек деп эсептейт

Депутат Дастан Бекешев долбоорду кабыл албоого чакырды, бирок анын сунушу колдоо тапкан жок.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго вербалдык нота жиберген.

Анда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча позициясын билдирди.

Нотада бул демилге жарандык коом өкүлдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатканы белгиленген.

Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай кесепеттерге алып келээри тууралуу бул шилтемеден таанышыңыз.

Коллаж: «Азаттык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты