Бишкекте COVID-19 вирусун жуктуруп алган учурлардын саны жогорулады

  • 4 года мурун

Акыркы кездерде Бишкек шаарынын тургундарынын арасында COVID-19 вирусун жуктуруп алган учурлар жогорулап жаткандыгы байкалууда.

«Дартты жуктуруп алуу булагы аныкталбаган жактардын көпчүлүгү өзүнүн ооруп калгандыгын базарларга барышы жана коомдук транспортто жүрүшү менен байланыштырууда.

Коомдук транспортту 60-70% ашык толтурбоо жана анда милдеттүү түрдө беткап тагынуу талабын мониторингдөө боюнча ишти күчөтүү зарыл. Анткени коомдук транспортто социалдык обочолонууну сактоо кыйынчылыкка турат», — деп билдирди– республикалык ыкчам штаб жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.

Ошондой эле ал мындай шартта оору жугузуп алгандарды эртелеп аныктоо жана оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгон жактарды өз учурунда изоляциялоого өзгөчө басым жасоо зарыл экендигин белгиледи.

«Жалпыбыздын коронавирус илдетине каршы күч-аракетибиз координацияланып, ырааттуу болушу абзел. Биздин негизги милдетибиз COVID-19 пандемиясы шартында мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоо болуп саналат», — деп жыйынтыктады Алмаз Кененбаев.

14-июндагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 78 учуру аныкталды. Анын ичинен Бишкек шаарында 50 учур катталды.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2285 болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты