Коронавирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз болгондор арбын

  • 4 года мурун

Коронавирусту тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор жана кайсы жактан жуктуруп алганы белгисиз болгондор түзүүдө.

COVID-19 инфекциясынын жаңы катталган 78 учуру:

Сырттан келгендер – 4 (5%);
Тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 39 киши (50%);
Кайдан жуктурганы белгисиз – 35 учур (45%).

Республикалык штаб эскертет: Ден соолугуңузду тобокелге салбаңыз! Адамдар көп чогулган жерлерге барбаңыз!
Үйдөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгыңыз!
Беткап тагынуу тартибин, аралыкты жана гигиена эрежелерин так сактаңыз!

Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

14-июндагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 78 учуру аныкталды.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2285 болду.

69 бейтап, айыгып, ооруканадан чыгарылды. Айыгып чыккан бейтаптардын жалпы саны 1791 болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты