​Москвадан Кыргызстандын 437 жараны учуп келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 14-июнда, Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» каттамы боюнча рейс учуп келди. Бул каттам менен Россиядан Кыргыз Республикасынын 437 жараны, анын ичинде кичинекей балдар дагы, кайтарылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлгиниин маалымат департаменти билдирди.

Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынан жана Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алгач төрөтү жакындап калгандар, жаш балалуу аялдар, ошондой эле оор дарты бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган.

Келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Мекенге кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Сүрөт:ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты