COVID-19: Жаңы 41 учуру катталды. Бардыгы 2207ге жетти

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 13-июнга карата бир суткада коронавирустун жаңы 41 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 18;
Чүй облусу – 6;
Ош шаарында 6;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 3.

-Бүгүн катталган 41 учурдун 9у четтен келген жарандардан табылса, 14ү оорулуу менен байланышта болуп, медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 18 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек, -деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2207ге жетти. 54 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты