​Асрандиев: 22-25-июндан ишкерлер каржылана баштайт

  • 4 года мурун

«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы бекитилген жана жарыяланган. Аталган программага катыша турчу банктарды аныктоо үчүн бир жума–он күндөй убакыт керек.

Алдын ала 22-25-июндан тарта ишкерлерди каржылап баштайбыз, — деп билдирди КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

-Бизде абал өтө тез алмашып жатат, мындай кырдаал дүйнө жүзүндө да болуп жатат деген ойдомун. Ошондуктан карантин жана бул пандемия майдын жыйынтыгы боюнча экономикага кандай таасирин тийгизгенин июнь айында көрө алабыз.

Ал эми июль-августта бул кризистен бара-бара кайра калыбына келип жатканыбыз көрүнөт жана, албетте, бюджет тийиштүү түрдө оңдолот. Мында оңдоолор биздин экономикалык көрсөткүчтөрүбүз өнүгө турган сценарийлерден көз каранды болот”, — деди Асрандиев маалымат жыйынында.

Сүрөт: gov. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты