​Бишкекке БАЭден 187 кыргызстандык келди

  • 4 года мурун

11-июнда «Манас» эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек багыты боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алды.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргыз Республикасынын 187 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди.

Учар алдында жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты, жыйынтыктары таза болуп чыкты.
Келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты