Журналист Марат Уралиевге кол көтөрүштү

  • 4 года мурун

Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев «Кайнар» ресторанында пандемия шартына каршы келген аткаминерлердин иш-чарасын чагылдырууга аракет кылганда ага кол салышты.

Пандемия шартында көп эл катышкан иш-чара өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан, атка минерлер арбын катышкан иш-чара өткөрүлгөн. Ал — Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулуп жаткан. Журналист ал жакка келгендерди чагылдырууга аракет кылган.

Анын айтуусунда, Бабановдун күзөт кызматкерлеринин бири деп болжонгон киши ага кол салган, дагы экөө ишке тоскоол кылган. Ал эми журналист Миржан Балыбаев ал киши Бабановду коштогон кызматкерлер эмес экенин !фейсбук» баракчасына жазды.

Бул учурда милиция кызматкерлери да жардамга келбегени тасмадан көрүнүп турат.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы көп адамдардын чогулушуна шарт түзгөндүгү үчүн «Кайнар» ресторанынын администрациясына айып салынганын билдиргени жарыяланды.

Сүрөт: Кактус медиа.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты