​»Бишкек-Ош» дирекция жетекчиси жана 11 кызматкери кармалды

  • 4 года мурун

Бишкек-Ош автожолундагы коррупцияга байланыштуу 12 кызматкер кармалды. Бул тууралуу 11-июнда экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (финполиция) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясына караштуу бөлүмдөрдө “масштабдуу коррупциялык схема” аныкталып, дирекциянын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары колго түшүрүлдү:

“Бүгүнкү күндө бул иш алкагында коррупцияга шектүү катары министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалды. Баштапкы эсептөөгө караганда, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сом деп аныкталды”.

Финпол белгилегендей, азыр бул жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 миллиард 424 миллион 379 миң сомго жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты