​АКШга качып кеткен Аскар Шадиев жалпы 13 жылга соттолду

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун канцелярия бөлүмүнөн “Азаттыкка” ырасташты.

Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди.

Мурдагы кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн (“Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө”) негизинде, Аскар Шадиевдин жалпы абактагы жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланмакчы.

Аскар Шадиевге карата башында КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шадиевдин качып кеткени жана анын АКШда жүргөнү кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш ачылган. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту бул иштер боюнча чечим чыгарып, Шадиевди он жылга эркинен ажыраткан. Үй мүлкү конфискацияланып, өзүнө издөө жарыяланган.

Мындан тышкары Шадиевге «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 22-майда «2010-2017-жылдары Шадиев «мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асел Шадиевага каттатып койгон» деп маалымдап, азыркы тапта буга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган. Асел Шадиева арам акчаны адалдаштырууга аралашкан деп шек саналууда.

Аскар Шадиевдин конфискациялаа турган мүлкү тууралуу маалымат бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты