​Жээнбеков электробус чыгара турган автокуруу заводунун иши менен таанышты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Ош шаарында келечекте 5 миңдей адамды иш менен камсыздай турган жана электробус чыгара турган «Кыргыз унаа курулуш» заводуна барды.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, завод өз ишин баштады.

Аталган ишкана ишке кириши менен 500гө чейин жумуш орундары түзүлдү. Завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.

Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплектөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформатор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.

Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби даярдалууда.

Ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 млн АКШ доллары сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Президенттин басма сөз кызматы бул тууралуу кабарлады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты